Binance глобалдык криптовалюта платформасы жана MEGA улуттук байланыш оператору Кыргызстанда криптоэкосистеманы өнүктүрүүгө жана колдонуучулардын санариптик активдерге жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган стратегиялык өнөктөштүктүн башталышын жарыялашты.
Өнөктөштүк санариптик технологияларды жана заманбап финансылык инструменттерди жайылтууга багытталган биргелешкен демилгелерди камтыйт. Демилге MEGAнын учурдагы жана потенциалдуу абоненттери үчүн иштелип чыккан.
Өнөктүктүн алкагында колдонуучуларга Binance платформасында катталып, милдеттүү KYC текшерүүсүнөн өтүп 80 ГБ интернет-трафигин алуу сунушталат. Кеминде 20 доллар депозит салып, 20 долларлык биринчи соода операциясын жүргүзгөндөн кийин, катышуучулар кошумча 1000 KGST сыйлыкка ээ болушат.
Өнөктүк 2026-жылдын 5-мартынан 3-апрелине чейин уланат.
Кененирээк маалымат төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://www.binance.com/ru/events/mega2026
Бул кызматташуу Binance компаниясынын Кыргызстандагы санариптик активдерди өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен координацияланып ишке ашырылууда.