Фархат Иминов - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөсү.
Мамлекеттик жогорку кызматтарда жана жеке сектордо көп жылдык иш тажрыйбасына ээ. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисин кызматын аркалап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Бизнес, эл аралык кызматташтык жана инвестициялар тармагында олуттуу башкаруучулук тажрыйбага ээ.