НАВА Национальное агентство по виртуальным активам и блокчейн-технологиям при Президенте КР
BTC $98 500 +1.4% ETH $3 450 +2.1% USDT $1.00 0.0% BNB $695 +0.8% SOL $182 +3.2% XRP $2.45 +1.1% USDC $1.00 0.0% ADA $0.92 -0.5% DOGE $0.38 +4.0% TRX $0.27 +0.6%

Президент Садыр Жапаров жана Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты

3 май 2025

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 3-майда, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух

Президент Садыр Жапаров жана Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты
/ 3

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 3-майда, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданий борбордун аймагына кыскача экскурсия жасатып, анын ачылуу тарыхын айтып берди.Андан соң концерттик программа менен коштолгон бейформал сый тамак берилди.Комплексти кыдыруу учурунда ардактуу коноктор комуз түрүндө жасалган пирсти көрүп чыгышты. Мында аларга улуттук музыкалык аспапта ойноо чеберчилиги көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров сыйлуу конокко комуз тартуу кылды.Андан кийин улуттук даамдар тартууланып, меймандар максым, куруттан ооз тийишти. Чанпэн Чжао суктануусун билдирип, улуттук ашканабыздын өзгөчөлүгүн белгиледи.Эртең, 4-майда, Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйыны өтмөкчү. Ага дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао катышат.Булак: https://president.kg/ru/news/21/39101**

ВАУА AI-жардамчысы
Сайттын материалдары боюнча жооп берет. Юридикалык кеңеш эмес.

Шрифттин өлчөмү

Түс