2026-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов TRON платформасынын негиздөөчүсү Джастин Сан менен видеоконференция өткөрдү.
Видеоконференциянын жүрүшүндө Фархат Иминов Улуттук кеңештин ишмердүүлүгү, виртуалдык активдер рыногунун динамикасы, ошондой эле негизги институционалдык жана укуктук өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди.
Джастин Сан Кыргызстанда виртуалдык активдер тармагынын ыкчам өнүгүп жатканын белгилеп, TRON менен кызматташуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.
Тараптар ошондой эле дүйнөлүк алдыңкы криптовалюта биржаларында, анын ичинде HTX платформасында листингге кирген KGST кыргыз улуттук стейблкоинин кеңейтүү маселесин талкуулашты. Бул платформа TRON экосистемасы менен тыгыз байланышта. Ушул контекстте KGSTти мындан ары өнүктүрүү үчүн TRON инфратүзүмү менен синергия мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде технологиялык интеграция жана онлайн-транзакциялык чөйрөсүн кеңейтүү маселелери каралды.
TRON дүйнөдөгү алдыңкы блокчейн-экосистемалардын бири болуп саналат жана стейблкоиндер (айрыкча USDT) боюнча чек аралык транзакцияларда кеңири колдонулат. Тармак жогорку өткөрүмдүүлүгү жана дүйнө жүзү боюнча 360 миллиондон ашык колдонуучусу менен айырмаланат. Көптөгөн өлкөлөрдө ал санариптик финансылык инструменттерди (анын ичинде стейблкоиндерди) чыгаруу үчүн артыкчылыктуу блокчейн болуп эсептелет.