Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук кеңештин экинчи жыйынында сүйлөп жатып, «блокчейн технологиялары — бул заманбап доордогу эң революциялык технологиялардын бирине болгон мамилебизди чагылдырган маанилүү учур» экенин белгиледи.
Блокчейн — келечектин абстракттуу элеси эмес, экономиканы, мамлекеттик башкаруу тутумун жана социалдык чөйрөнү түп-тамырынан өзгөртө ала турган кубаттуу инструмент. «Биздин милдет — бул технологияны жөн гана колдонуу эмес, бул процесстин алдыңкы катарында болуп, экономиканы жаңы санариптик чындыкта лидерлик орундарга чыгара алуу», — деди ал.
Ал ошондой эле Кыргызстан жаңы доорго кадам таштап жатканын белгилеп, анда маалыматтар жөн гана активдин жаңы түрү болбостон, капиталдын эң талап кылынган түрлөрүнүн бирине айланып жатканын айтты. Блокчейн процесстердин ачыктыгын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн мурда болуп көрбөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Блокчейн технологияларын өнүктүрүү — бул жөн гана технологиялык тренд эмес, негизги мамлекеттик милдеттерди чечүүгө күчтүү түрткү бере ала турган стратегиялык фактор болуп саналат.