Бүгүн, 24-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Binance платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао мамлекеттик «Ала-Арча» жаратылыш паркына барышты.
Бейформал баарлашуунун жүрүшүндө санариптик технологиялар тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Анын ичинде заманбап блокчейн чечимдерин киргизүү жана Кыргызстанда эл аралык инвесторлордун катышуусун кеңейтүү маселелери да камтылды.
Мамлекет башчысы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөнүн жана жогорку технологиялык долбоорлорду өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул өлкөнүн экономикасын санариптик трансформациялоого өбөлгө түзөрүн айтты.