2026-жылдын 9-апрелинде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Фархат Иминов 2025-жылдын май айында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы астындагы Улуттук кеңештин аткаруучу органы катары иш алып барган Катчылыктын ишмердүүлүгү жөнүндө Британ тарапка кеңири маалымат берди. Катчылык мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн координациялап, мыйзамдык базаны жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизип, эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жаткандыгы белгиленди.
Катчылыктын башчысы 2026-жылдын январындагы "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызына кеңири токтолду. Түзөтүүлөрдө стейблкоиндер, мамлекеттик майнинг жана крипто резервдери, ошондой эле реалдуу активдерди токендештирүү (RWA) сыяктуу түшүнүктөр киргизилди. Бул өзгөртүүлөр виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүүнүн актуалдуу дүйнөлүк тенденцияларына шайкеш келет.
Элчи Николас Боулер өлкөнүн өкмөтү үчүн Катчылыктын ишинин стратегиялык маанисин баса белгилеп, виртуалдык активдер сектору экономиканы өнүктүрүүдө негизги ролду ойной тургандыгын белгиледи. Муну менен ал сектордун чоң мүмкүнчүлүктөрү менен аны коштогон тобокелдиктердин ортосундагы тең салмактуулуктун зарылдыгына токтолду.
Талкуунун маанилүү темасы билим берүү долбоорлору болду. Фархат Иминов коомчулуктун сабаттуулугун өнүктүрүү өлкөнүн санариптик трансформациясынын приоритети экенин баса белгиледи. Катчылык блокчейн жана жасалма интеллект чөйрөсүндө адистерди даярдоо үчүн билим берүү мекемелери жана эл аралык өнөктөштөр менен активдүү кызматташат, ошондой эле жаштар үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча масштабдуу иш-чараларды өткөрөт.