Бул курс катышуучуларга блокчейн-технологияларынын жана виртуалдык активдердин негиздерин түшүнүүгө жардам берет. Программанын ар бири 6–10 мүнөткө созулган 31 кыска видеосабактан турат. Сабактар жөнөкөй түшүндүрмөлөрдү, практикалык мисалдарды жана геймификация элементтерин камтыйт.
Программанын жалпы байге фонду 12 600 USDT түзөт (болжол менен 1,1 млн KGST эквиваленти). Программанын шарттарын аткарган катышуучулар 500 KGST, ал эми эң мыкты он катышуучу атайын крипто-топтомдорду алышат.
Катышуу үчүн Binance платформасында каттоодон өтүп, инсандыгын ырастоо (KYC) жол-жобосун бүтүрүү, кеминде 100 KGST сатып алуу, KGST менен соода операциясын жүргүзүү жана окуу курсун ийгиликтүү аяктоо зарыл.
Программага катышуу акысыз. Окууну Binance сайтындагы төмөнкү шилтеме аркылуу баштасаңыз болот: https://clck.ru/3Uq23Z же түздөн-түз Geeks Academy платформасындагы курска өтсөңүз болот