Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгы бардыгыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Өтүп бара жаткан жылы виртуалдык активдер чөйрөсүн туруктуу жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү үчүн зарыл болгон практикалык жана институционалдык негиздер түзүлдү.
2026-жылы Катчылык санариптик финансылык инструменттерди өнүктүрүү, блокчейн-технологияларын киргизүү, реалдуу активдерди токенизациялоо жана санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча келечектүү долбоорлорду колдоого багытталган активдүү ишмердүүлүгүн улантат.
Жаңы жылда бардыгыңыздарга бакубатчылык, жаратман иштерди жана өлкөбүздүн өнүгүүсү жана туруктуулугу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү каалайбыз!