НАВА Национальное агентство по виртуальным активам и блокчейн-технологиям при Президенте КР
BTC $98 500 +1.4% ETH $3 450 +2.1% USDT $1.00 0.0% BNB $695 +0.8% SOL $182 +3.2% XRP $2.45 +1.1% USDC $1.00 0.0% ADA $0.92 -0.5% DOGE $0.38 +4.0% TRX $0.27 +0.6%

Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттары виртуалдык активдер жана санариптик финансы жаатында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

14 январь 2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттары виртуалдык активдер жана санариптик финансы жаатында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

2026-жылдын 14-январында америкалык тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Фархат Иминов Улуттук кеңештин максаттары жана милдеттери, ошондой эле анын аткаруучу органы болгон Катчылыктын ишмердүүлүгү тууралуу баяндады.

Ал Кыргыз Республикасындагы виртуалдык активдер рыногу институционалдык өсүү фазасына кирип, 2025-жылдын биринчи жарымынын аягына карата жүгүртүү болжол менен 860 миллиард сомго жеткенин белгиледи.

Анын айтымында, санариптик сомду киргизүү, реалдуу активдерди токенизациялоо боюнча долбоорлор, калктын санариптик финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, мыйзамдарды жана жөнгө салуу ченемдерин өркүндөтүү, ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү глобалдык тенденцияларды эске алуу менен зарыл инфратүзүмдү орнотуу сыяктуу демилгелерди ишке ашыруу өлкөнүн Web3 регионалдык технологиялык хабы болуп калышына өбөлгө түзөт.

Бул контекстте, ошондой эле кыргызстандык KGST стейблкоини КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Binance глобалдык криптовалюта платформасында листингге чыккан алгачкы стейблкоин болгону баса белгиленди.

2025-жылдын ноябрында Кыргызстандын Президенти С.Жапаров менен АКШнын Президенти Д. Трамптын жолугушуусунда жетишилген келишимдерди эске алуу менен, Фархат Иминов санариптик экономика, жасалма интеллект жана IT тармагы кыргыз-америкалык өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары деп эсептелерине токтолду.

АКШнын элчиси Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер тармагынын тез өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстан бул рыноктун өсүү темпи боюнча Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн алдыда экенин, ошондой эле аны мындан ары кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.

Бул контекстте кыргыз тарап менен кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде Америка Кошмо Штаттарынын профилдик мамлекеттик органдары жана компаниялары менен виртуалдык активдер чөйрөсүн өнүктүрүү жана жөнгө салуу, ошондой эле профилдик программаларды жана тренингдерди уюштуруу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу бөлүгүндө кызыкдар экендиги билдирилди.

ВАУА AI-жардамчысы
Сайттын материалдары боюнча жооп берет. Юридикалык кеңеш эмес.

Шрифттин өлчөмү

Түс