Катчылык жана CRDF Global кызматташууну жолго салуу маселесин талкуулашты

2026-жылдын 9-апрелинде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Жарандык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулардын глобалдык фондунун (CRDF Global) өкүлдөрү менен жолугушту.

Катчылык жана CRDF Global кызматташууну жолго салуу маселесин талкуулашты
1 ай мурун

2026-жылдын 9-апрелинде Бишкекте  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Жарандык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулардын глобалдык фондунун (CRDF Global) өкүлдөрү менен жолугушту.

Маектин жүрүшүндө Фархат Иминов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук кеңештин Катчылыгынын ишмердүүлүгү, учурдагы долбоорлор жана өлкөдөгү виртуалдык активдер рыногунун өсүшү тууралуу маалымат берди. Ал мыйзамдык түзөтүүлөр, атап айтканда,
2026-жылдын январында “Виртуалдык активдер жөнүндө” Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, анда стейблкоиндер, мамлекеттик майнинг жана активдерди токендештирүү (RWA) түшүнүктөрү киргизилгендигин айтып берди. Ошондой эле виртуалдык активдерди башкаруу системасы оптималдаштырылып, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары чектелгендиги тууралуу маалымдады.

Тараптар киберкоопсуздук, виртуалдык активдер жана жасалма интеллект боюнча долбоорлорду талкуулашты. Фархат Иминов коомчулуктун сабаттуулугун өнүктүрүү приоритеттүү экенин белгиледи. Катчылык Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте ЖОЖдордо блокчейн жана жасалма интеллект боюнча окутуу программаларын ишке киргизүүнүн үстүндө иш алып барууда. Фархат Иминовдун пикири боюнча Кыргызстанда мамлекеттик сектордо квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги байкалууда, ошондуктан ведомство жаштарды санариптик жана финансылык сабаттуулукка окутууга, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин компетенциясын жогорулатууга басым жасоодо.

Америкалык тарап Кыргызстандын тармактык органдарын киберкоопсуздукка жана санариптик гигиенага окутуу үчүн эксперттерди тартууга даярдыгын билдирди. АКШнын Мамлекеттик департаменти Борбор Азиянын санариптик туруктуулугуна аймактык грант бөлүп бермекчи, анын алкагында күзүндө жасалма интеллект боюнча С5+1 форматындагы конференция өтөт.

CRDF Global киберкоопсуздук боюнча Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери жана укук коргоо органдары үчүн пайдалуу адистештирилген курстары жана семинарларынын онлайн-платформасы жөнүндө билдирди. CRDF Global Катчылыктын сунушун негизинде платформаны кыргыз тилине которуу маселесин колдоду. Бул билим берүү материалдарына калктын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, жарандар арасында санариптик сабаттуулукту жана киберкоопсуздукту жогорулатууга, ошондой эле окутуу жана маалымдуулукту жогорулатуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берет.

Жолугушуунун аягында тараптар кызматташтыктын приоритеттерин аныктоо жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн иш планын иштеп чыгуу жөнүндө макулдашышты.