Binance KGST стейблкоинин TRON тармагына интеграциялады
Эл аралык Binance криптовалюталык платформасы KGST стейблкоинин TRON блокчейн тармагына (TRC20) интеграциялады.
KGST’ни TRON тармагында колдоонун ишке кириши колдонуучулар үчүн криптоактивдер менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, блокчейн экосистемасында ылдам жана жеткиликтүү транзакцияларды камсыздайт.
KGST депозиттери буга чейин эле ачылган. Колдонуучулар Binance аккаунттарындагы тиешелүү даректерди колдонуу менен TRON (TRC20) тармагы аркылуу каражаттарды толуктай алышат.
Токендин смарт-контракт даректери да платформада жеткиликтүү.
KGST’нин дүйнөлүк TRON блокчейн тармактарынын бирине интеграцияланышы кыргыз сомуна байланышкан санариптик финансылык инфратүзүмдүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Бул тармакты колдонуу транзакциялык чыгымдарды азайтып, эсептешүүлөрдүн ылдамдыгын жогорулатат. Бул трансчегаралык операциялар жана финтех-сервистер үчүн актуалдуу болуп саналат.